Бишкектеги тыгынды азайтууда темир жол альтернатива катары сунушталды
Бишкек шаарында коомдук транспортту өнүктүрүүнүн жаңы ыкмалары, анын ичинде темир жол инфраструктурасын жүргүнчү ташууда пайдалануу маселеси талкууланды. Бул тууралуу борбор калаанын Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаментинде өткөн жумушчу кеңешмеде айтылды.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, жыйын вице-мэр Рамиз Алиевдин төрагалыгы алдында өтүп, ага тиешелүү муниципалдык кызматтардын, "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жана транспорт тармагындагы өкүлдөр катышты.
Кеңешмеде темир жол станцияларынан шаардын ар кайсы бөлүктөрүнө ыңгайлуу автобус каттамдарын уюштуруу, ошондой эле темир жолду учурдагы коомдук транспорт системасы менен интеграциялоо сунушталды.
Мындан тышкары, поезддердин кыймылын GPS аркылуу көзөмөлдөө жана каттамдардын графигин "Менин шаарым" мобилдик тиркемесинде реалдуу убакытта көрсөтүү маселелери каралды.
Жыйынтыгында борбор калаада жүргүнчү ташуунун альтернативдүү жана жеткиликтүү түрлөрүн өнүктүрүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.