Жол кырсыктарынан былтыр 900 адам каза болгон
2025-жылы Кыргызстанда жол кырсыктарынын өсүшү катталганын Башкы прокуратуранын Укуктук статистика чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө жана маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын маалыматында айтылат.
Жылдын жыйынтыгы боюнча өлкө аймагында 8 456 жол кырсыгы катталган, бул 2024-жылга салыштырмалуу 19,1%га көп.
Жол кырсыктарынын эң көп үлүшү төмөнкү аймактарга туура келди:
- Бишкек — 27%;
- Чүй облусу — 13%;
- Ош облусу — 24%;
- Жалал-Абад облусу — 23%.
2025-жылдагы жол кырсыктарынын кесепетинен:
- 12 миңден ашык адам жаракат алган (мурунку жылга караганда 16,1%га көп);
- 900 адам каза болгон (өсүш 21,1%ды түздү).
Өзгөчө кооптонууну жаратканы — жашы жете элек өспүрүмдөрдүн катышуусундагы кырсыктардын көбөйүшү:
- 2,2 миң кырсык катталган (2024-жылга салыштырмалуу 23,7%га көп);
- 121 бала каза болгон (22%га өсүш);
- 2,6 миңге жакын бала жаракат алган (24%га өсүш).
Отчеттук мезгил ичинде айдоочулардын мас абалында жасаган 395 жол кырсыгы катталды. Мурунку жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 11,3%га өскөн.