Бишкекте 7 миң ар кандай мамылар демонтаждалат

Бишкекте 7 миң ар кандай мамылар демонтаждалат

Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаменти 2026-жылы Бишкек шаарында 7 миңге чейин ар кандай мамыларды  демонтаждоону пландап жатканын 5-февралда Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында департаменттин директору Уланбек Бейшенбаев билдирди.

Буга чейин депутат Эмир Марлисбеков 2026-жылга карата бюджет долбоорунда каралган 44 млн 983 миң сом өлчөмүндөгү кызматтык чыгымдар эмнелерди камтый турганына кызыккан.

Уланбек Бейшенбаевдин түшүндүрмөсүнө ылайык, "Таза асман" долбоорунун алкагында Бишкек шаарында бетон жана темирден жасалган 7 миңге чейин ар кандай мамылар бар.
"Бул мамылардын бардыгын демонтаждоону пландап жатабыз. Иштердин графиги бар", — деди ал.

Ошондой эле 2026-жылы светофорлорду орнотууга 30 млн сом каралууда. Бул каражатка шаардын 11–12 көчө кесилишине жаңы светофорлор орнотулат.

Депутат буга чейин фракция жыйынында департаменттин директору 5 светофор объектисин орнотуу планы тууралуу айтканын эске салды. Уланбек Бейшенбаев муну тастыктап, беш объект такталган светофорлор экенин билдирди. Учурда калган светофорлор боюнча МККББ менен биргеликте иш алып барылып жатканын кошумчалады.

Бишкек шаарында учурда 72 эски лампалык светофор бар. Алар этап-этабы менен модернизацияланат.

Мурда маалымдалгандай, "Таза асман – 2030" концепциясынын негизги максаты — Бишкек шаарынын көрүнүшүн бузган аба аркылуу тартылган байланыш линияларын жоюп, алардын ордуна заманбап жер астындагы инфраструктураны түзүү. Мэриянын пикиринде, бул шаардык чөйрөнү эстетикалык жактан жакшыртып, интернет кызматтарынын сапатын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, санариптештирүүгө жана шаардык инфраструктуранын туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткен облусунда быйылкы жылы 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасы аркылуу кошумча иштетилет. Бул жерлер таштак жана суусуз болгондуктан буга чейин иштетилген эмес. Облустук администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, айдоо аянттарын көбөйтүү “Айыл чарба системаларында энергетикалык инновацияларды кеңири жайылтуу үчүн алкактык шарт түзүү” деп аталган долбоордун аркылуу ишке ашып жатат.

Тай-Мурас Ташиев  ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

Тай-Мурас Ташиев ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев "Аю холдинг" компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго 28-мартта Фейсбук аркылуу жооп берип, анын айткандарын четке какты. Ташиев Абдыкеримовдун 28-марттагы президентке кайрылуусун "биздин үй-бүлөгө карата жалган жалаа жабуу, каралоо аракеттеринин уландысы" деп сыпаттады. "Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов “Томми молл”

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Жыл сайын дүйнөдө болжол менен 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат. Бул жалпы өндүрүлгөн азыктын дээрлик бештен бир бөлүгүн түзөт. Мындай көрүнүш адамдарга да, айлана-чөйрөгө да терс таасирин тийгизет. БУУнун маалыматы боюнча, азык-түлүк калдыктарынын 60%ы үй чарбаларынын деңгээлинде пайда болот. Калган бөлүгү коомдук тамактануу тармагына жана чекене соодага туура келет.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги ири компаниялар менен кызматташат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги ири компаниялар менен кызматташат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы кечээ Бишкек шаарындагы “Кока-Кола Бишкек Боттлерс” ЖЧКсынын заводунда болгонун аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, анда ишкананын иши, ошондой эле өлкө экономикасына инвестицияларды кеңейтүү жана мындан аркы өнүгүү келечеги талкууланды. Компаниянын өкүлдөрүнүн айтымында, ишкана Кыргызстанда 1996-жылдан бери ийгиликтүү иш алып барып келет жана бул аралыкта өндүрүштү