Быйыл Бишкек шаардык транспортун өнүктүрүүгө 6 млрд 5 млн каражат суралган
2026-жылга карата Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаменти 6 млрд 5 млн сом өлчөмүндө каражат сурап жатканын 5-февралда Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында департаменттин директору Уланбек Бейшенбаев билдирди.
Анын ичинде:
- коомдук транспортко берилүүчү субсидияларга — 1 млрд 204 млн сом,
- борбор калаадагы 401 жол кесилишиндеги светофорлорду каржылоого — 69 млн 430 миң сом,
- жолдорду жана көпүрөлөрдү курууга — 4 млрд 585 млн сом каражат суралган.
Мындан тышкары, департаменттин кызматкерлеринин эмгек акыларына 83 млн 289 миң сом бөлүү сунушталууда.