Кыргызстандын 2 өткөрмө пунктунда 2025-жылы накталай эмес төлөмдөн 300 млн сом чогулган

Кыргызстандын 2 өткөрмө пунктунда 2025-жылы накталай эмес төлөмдөн 300 млн сом чогулган

"Сосновка" жана "Кара-Көл" өткөрмө пункттарында QR-код аркылуу накталай эмес төлөмдөр системасынын жардамы менен 2025-жылы 300 млн 266 миң 484 сом чогултулган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 35,48%га көп экенин Транспорт министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, системаны өркүндөтүү жана көзөмөл механизмдерин күчөтүү натыйжасында 2025-жылы накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшү кыйла жогорулап, учурда төлөмдөрдүн 98%ы накталай эмес ыкма менен жүргүзүлүүдө.

"Бул, өз кезегинде, адам факторун минималдаштырууга, ошондой эле коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга мүмкүндүк берди. Ошол эле учурда "Сосновка" жана "Кара-Көл" өткөрмө пункттарында жол тилкелерин кеңейтүү боюнча иштер ийгиликтүү аткарылды.
"Сосновка" пунктунда кошумча тилкелер толугу менен курулуп, пайдаланууга берилди, ал эми "Кара-Көл" пунктунда 2025-жылы өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган кеңейтүү иштери толук аяктап, жүрүүчү бөлүк талап кылынган техникалык параметрлерге ылайык келтирилди.

Маалыматтык системалардын серверлери жана программалык камсыздоосу үзгүлтүксүз жаңыртылып, туруктуу жана үзгүлтүксүз иштеши камсыздалып жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 232 чарбага асыл тукум чарба макамы берилди

Кыргызстанда 232 чарбага асыл тукум чарба макамы берилди

Кыргызстанда 232 чарба субъектине асыл тукум чарба макамы ыйгарылганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады. Маалыматка ылайык, мал чарбачылыгынын сапатын жогорулатуу жана генетикалык ресурстарды сактоо максатында ведомство атайын комиссия түзүп, чарба субъекттерине жеринде мониторинг жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында 232 чарбага асыл тукум макамы берилди. Анын ичинде:

Жаңы Ош базары менен жаңы автовокзалга 90 чакырым электр зымы тартылат

Жаңы Ош базары менен жаңы автовокзалга 90 чакырым электр зымы тартылат

Бишкекте көп функционалдуу шаардык комплекс курулуп жаткан аймакта, анын ичинде жаңы Ош базары жана жаңы автовокзалдын аймагында 90 чакырым өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган зым (СИП-3) тартылат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев жана "КУЭТ" ААКнын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев Бишкек электр тармактары ишканасына барган учурда белгилүү болду. Министр Таалайбек

"Лейлек" ЭЭАсы жандандырылат

"Лейлек" ЭЭАсы жандандырылат

Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов Лейлек районундагы “Лейлек” эркин экономикалык аймагынын абалы менен таанышты. Анда жетекчилер жеринде өндүрүш аймагынын ишин жандантуу маселелерин талкуулашты. Аймакка электр энергиясын жеткирүү, инвесторлорду тартуу боюнча сунуштар ортого салынды. Учурда аймакка электр энергиясын жеткирүү үчүн Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен

А.Шыкмаматов курулуш компанияларын бирдиктүү салык төлөөгө өтүүгө чакырды

А.Шыкмаматов курулуш компанияларын бирдиктүү салык төлөөгө өтүүгө чакырды

Курулуш компаниялары бирдиктүү салык төлөөгө өтүшү керектигин Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов курулуш тармагынын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, бирдиктүү салык системасы курулуш компанияларынын ишин жеңилдетет. Ал эми курулуш компанияларынын өкүлдөрү бирдиктүү салыкка өткөндөн кийин салыктын ставкасы 10%га чейин өсүп кетиши мүмкүн экенине тынчсыздануусун айтышты. Шыкмаматов бирдиктүү