Россияда кайра иштетилчү таштанды жыйымын алуу күчөтүлөт. Автоунаалар кымбаттайт.

Россияда кайра иштетилчү таштанды жыйымын алуу күчөтүлөт. Автоунаалар кымбаттайт.

Россияда утилизациялык жыйымды кайрадан күчөтүү пландалууда. Эксперттер мунун натыйжасында автоунаалар кымбатташы мүмкүн экенин божомолдошууда. Тиешелүү өзгөртүүлөр, акыркы айлардагы экинчи корректировка катары Россия өкмөтүнүн кароосуна киргизилди.

Мыйзам долбоору Россиянын Өнөр жай жана соода тарабынан даярдалган. Ал ЕАЭБ өлкөлөрүнөн автоунааларды алып кирүүгө байланыштуу кайра иштөөгө жарактуу таштанды (утиль) жыйымын эсептөө тартибин кайра карап чыгууну сунуштайт. Демилгенин маңызы — Беларусь, Казахстан, Армения жана Кыргызстандан алып келинген чет өлкөлүк автоунаалар үчүн кайра иштетилчү таштанды жыйымын эсептөөнү бирдей тартипке келтирүү.

Учурдагы эрежелерге ылайык, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн алып келинген автоунаа жеке адам тарабынан бажы киреше ордери менен катталса, кайра иштетилчү таштанды жыйымынан бошотулат. Башкача айтканда, жаран автоунааны, мисалы, Кыргызстандан жеке колдонуу үчүн алып келип, бажы төлөмдөрүн толук төлөсө, кошумча утилизациялык жыйым төлөбөйт. Ал эми унаа товар катары алып келинсе, аталган жыйым толук көлөмдө алынат.

Жаңы мыйзам долбоорунда жеке колдонуу үчүн жана сатуу максатында алып келинген автоунааларды теңдөө сунушталууда. Бул Беларус, Казакстан, Армения жана Кыргызстанда жеке колдонуу үчүн сатылып алынган чет өлкөлүк автоунаалардын кымбатташына алып келиши мүмкүн.

Учурда документ коомдук талкуу стадиясында. Эгер ал жактырылса, 1-апрелден тартып күчүнө кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Кыргызстан эмгек миграциясы тармагында Улуу Британия менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөп жатканын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул маселе 3-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен Улуу Британиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулердин жолугушуусунда талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Улуу Британияда иштөөнү каалаган Кыргызстандын жарандарына квоталар

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жаңы штабынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Азем дивизиянын өздүк курамынын катышуусунда өткөрүлдү. Министрликтен белгилешкендей, капсула салуу аскердик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган колоннаны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө. Ал эми гуманитардык жардамды жеткирүү процесси Өзгөчө кырдаалдар

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Бишкек шаарындагы "Адинай" паркында борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте массалык дарак отургузуу иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ошондой эле бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев да катышты. Анын алкагында "Адинай"