Бишкек шаарынын Калинин көчөсүндөгү көпүрө жабылат
15-февралдан баштап Бишкек шаарындагы Калинин көчөсүндө жол оңдоо иштери башталарын Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган көчөдөгү көпүрөдө реконструкция жүргүзүлөт. Иштер жолдун жүрүүчү бөлүгүн кеңейтүүгө жана унаа агымынын өткөрүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Оңдоо иштерине байланыштуу көпүрө автотранспорт каражаттары үчүн убактылуу жабылат.
Патрулдук милиция айдоочуларды каттамдарын алдын ала пландаштырууга, айланып өтүүчү альтернативдүү жолдорду тандап алууга жана Жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырды. Ошондой эле айдоочулардан жолдо этият болуп, бири-бирине урмат-сый менен мамиле кылуу өтүнүлдү.