"Акылдуу светофорлор" Бишкектин бардык аймагына коюлат
Бишкек шаарынын мэриясы пилоттук долбоордун алкагында 21 кесилишке "акылдуу светофорлорду" орнотконун Жол кеңешинин жыйынтыгында Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Уланбек Бейшенбаев журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, "акылдуу светофорлор" Токомбаев көчөсүнүн Нуркамал көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүндө, ошондой эле Байтик Баатыр/Абдрахманов көчөлөрүнүн Күрөңкеев көчөсүнө чейинки кесилиштеринде орнотулган.
Шаар бийлиги бул долбоорду мындан ары да кеңейтүүнү пландап жатат. Бишкек шаарынын "Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасы учурда тиешелүү иштерди жүргүзүүдө. Жакынкы 2–3 ай ичинде башка көчөлөрдө да система киргизиле баштайт.
Маалыматка ылайык, Жол кыймылын автоматташтырылган башкаруу системасы (АСУДД) келечекте Бишкек шаарынын бардык аймагына жайылтылат.
Уланбек Бейшенбаев пилоттук долбоор натыйжалуу экенин көрсөткөнүн белгилеп, өнүккөн шаарларда да ушундай автоматташтырылган система ийгиликтүү колдонуларын кошумчалады.