Жибек-Жолу проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат
22-февралда саат 18:00дөн 23-февраль саат 06:00гө чейин Бишкек шаарында Жибек-Жолу проспектисинин Будённый көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Бул убакыт аралыгында жер үстүндөгү жөө адамдар өтүүчү өтмөктүн темир конструкцияларын орнотуу иштери жүргүзүлөт.
Буга байланыштуу 8 автобусттук каттамдын кыймыл-чиймеси убактылуу өзгөртүлөт. Алар: №71, №21, №2, №36, №40, №48, №48, №118, №254 каттамдар.
Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору! Белгиленген убакытта альтернативдүү багыттарды пайдаланууңуздарды суранабыз.