Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы айылдарды байланыштырган маанилүү жолдордун бири болгон Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 15 чакырымды түзөт. Учурда 6–9-чакырым аралыгында жер жумуштары жүргүзүлүп, жол кеңейтүү жана өсүмдүк катмарын алуу иштери аткарылууда.
Бул долбоор 2026-жылдын титулдук тизмесине киргизилген жана иштерди Кыргызавтожол-Түндүк мамлекеттик ишканасынин №3 жол тейлөө ишканасы аткарууда.
Курулуш иштери жол курулушунун талаптарына жана стандарттарына ылайык жүргүзүлүүдө. Жаңы асфальттоо аймактын транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга жана жергиликтүү тургундардын каттамын жеңилдетүүгө шарт түзөт, - деп айтылат маалыматта.