Министр Т.Солтобаев асфальт-бетон заводунун жазгы сезонго даярдыгын текшерди
Кечээ Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев иш сапары менен “Сокулук №8” асфальт-бетон заводуна барып, ишкананын жазгы курулуш мезгилине болгон даярдыгы менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Сапардын алкагында министр заводдун өндүрүштүк кубаттуулугун, техникалык абалын жана асфальт-бетон аралашмасын чыгаруу процесстерин жеринде көрүп чыкты. Өзгөчө көңүл асфальт-бетон заводунун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга, өндүрүштү өз убагында баштоого жана жол куруу иштерине керектүү көлөмдө сапаттуу асфальт аралашмасын даярдоого бурулду.
Министр тиешелүү жетекчилерге жана адистерге жазгы сезон башталганга чейин бардык даярдык иштерин толук аяктоо боюнча так тапшырмаларды берди. Мындан тышкары, жабдуулардын техникалык даярдыгын камсыз кылуу жана коопсуздук талаптарын так сактоо маселесин өзгөчө көзөмөлгө алуу милдети коюлду.
Белгилей кетсек, асфальт-бетон заводдорунун өз убагында ишке кириши өлкө аймагында жол куруу жана оңдоо иштерин сапаттуу жана мөөнөтүндө аткарууда маанилүү ролду ойнойт, - деп айтылат маалыматта.