Суусамыр – Талас – Тараз жолун реконструкциялоо иштери башталат
Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Таластагы жүргүзүлүп жаткан курулуш иштери менен таанышты.
Ошондой эле "Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолун реконструкциялоо, IV фаза" долбоорунун аткарылышын көрүп, подрядчы компаниянын өкүлдөрүнө курулуш иштерин өз убагында баштоо жана сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
Белгилүү болгондой, реконструкциялануучу жолдун жалпы узундугу 93 чакырымды түзөт. Ал Талас шаарынан башталып, "Кичи-Капка" көзөмөл өткөрүү пунктуна чейин созулат. Курулуш иштери 2025-2028-жылдары жүргүзүлүп, долбоордун кепилдик мөөнөтү 5 жылды түзөт.
Министр жооптуу кызматкерлерге берилген тапшырмаларды өз убагында аткарууну, жолдун сапатына, мөөнөтүндө бүткөрүлүшүнө жана коопсуздук талаптарынын так сакталышына өзгөчө көңүл бурууну милдеттендирди.