ИИМ үч микроавтобус сатып алууга 10 млн сом жумшайт
ИИМдин Финансылык-чарбалык камсыздоо башкы башкармалыгы үч жүргүнчү микроавтобусун сатып алуу боюнча кайталап тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, бул максатка 9 млн 660 миң сом бөлүү пландалууда.
Техникалык мүнөздөмөгө ылайык, 16 жүргүнчү орундан ашпаган, 2025–2026-жылдары чыгарылган жана кара түстөгү микроавтобустар талап кылынат.
"Жеткирилүүчү автоунаалар жаңы болушу керек (пайдаланылган эмес, оңдоодон өтпөгөн жана калыбына келтирилбеген, курамдык бөлүктөрү алмаштырылбаган). Унаанын көргөзмө үлгүлөрүн жеткирүүгө жол берилбейт. Жеткирүүчү Кыргызстанда завод-өндүрүүчүнүн расмий өкүлү болушу, өзүнүн сервис базасы, көчмө бригадасы жана негизги тетиктик бөлүктөрдүн туруктуу кампасы болушу шарт. Ошондой эле эки жылга же 100 миң чакырымга кепилдик берүүгө тийиш. Автоунаалар ЕАЭБ стандартына шайкештик сертификатына ээ болушу зарыл", — деп талаптарда айтылат.
Жеткирүү келишим түзүлгөндөн кийин 20 календардык күндүн ичинде ишке ашырылышы керек. Жеткирүүчүлөрдүн сунуштары 5-мартка чейин кабыл алынат.