Бишкекте унаа токтотуучу жайлар эми саатына жараша эсептелеби?
Бишкек шаардык мэриясы "Шаардагы муниципалдык паркингдердин жана токтотуучу жайлардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу маселелери жөнүндө" токтом долбоорун иштеп чыкты. Бул документ шаардык кеңештин депутаттарынын кароосуна чыгарылган.
Долбоордун негизги пункттары:
- Муниципалдык паркингдер жана токтотуучу жайлар боюнча Жобону бекитүү пландалууда;
- Паркинг үчүн расмий тарифтерди орнотуу;
- Убакытты автоматтык эсептөөчү система менен жабдылган паркингдер үчүн өзүнчө сааттык төлөм киргизүү.
Мэриянын маалыматына ылайык, шаар борборунда дифференцияланган (зоналык) төлөм системасы киргизилүү сунушталууда. Паркингдин баасы зоналарга жараша 30дан 50 сомго чейин болот.
Автоматташтырылган эсептөө системасы менен паркингдер үчүн сааттык тариф төмөнкүлөр:
- Биринчи эки саат үчүн — 30–50 сом;
- Ар бир кийинки саат үчүн — 20 сом.
Мэрия белгилегендей, автоматташтырылган система киргизилсе, жогорку суроо-талаптагы аймактардагы узак токтотуулардын алдын алуу, башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана баш калаанын паркинг инфраструктурасын модернизациялоо мүмкүнчүлүгү пайда болот.
Токтом долбоору Бишкек шаардык кенешинин расмий сайтында жарыяланган.