Кыргызстан февралда Россияга 46,8 миң автоунаа экспорттоду
2026-жылдын февраль айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан Россияга жаңы автоунааларды экспорттоо боюнча лидер бойдон калганын "Автостат" аналитикалык агенттигинин жетекчиси Сергей Целиков билдирди.
Анын айтымында, февраль айында жеңил автоунаалардын импорту 35%га өскөн. Тагыраагы, бул айда Кыргызстандан Россияга 46,8 миң жеңил автоунаа импорттолгон. Бул өткөн жылдын февраль айына (35 миң) салыштырмалуу 35%га көп.
Жаңы жеңил автоунаалардын (үч жылга чейинки) импорту 29%га өсүп, 20,9 миңди түзгөн. Ал эми колдонулган автоунаалардын (үч жылдан жогору) импорту 40%га көбөйүп, 25,9 миңге жеткен.
Жаңы автоунааларды экспорттоо боюнча лидер өлкөлөр Кытай (67,2%) менен Кыргызстан (20,5%) бойдон калууда, деп белгиледи Сергей Целиков.
Буга чейин "Автостат" агенттиги 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан Россияга жаңы жеңил автоунааларды ташып кирүүдө Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн арасында биринчи орунду ээлеп, көрсөткүч 53,6 миң даанага жеткенин билдирген.