Ошто узундугу 12,5 метр, туурасы 21,5 метр болгон жаңы көпүрө салынууда
Ош шаарында көчөлөрдү кеңейтүү иштеринин алкагында Сүйүнбаев жана Атабаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрө кайрадан курулуп жатат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.
Учурда көпүрөнү бузуп, жаңысын куруу иштерине керектүү техникалар тартылып, курулуш адистердин көзөмөлүндө жүрүүдө. Курулуш иштери 12-февралда башталган.
Долбоорго ылайык, жаңы көпүрөнүн узундугу 12,5 метр, ал эми кенендиги 21,5 метр болот. Адистер курулуш иштерин мүмкүн болушунча ыкчам жана сапаттуу бүткөрүүгө аракет кылып жатышат.
Белгилей кетсек, Сүйүнбаев жана Атабаев көчөлөрү быйыл толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, заман талабына жооп берген төрт тилкелүү жолго айландырылат. Ушуга байланыштуу аталган аймактагы башка көпүрөлөрдү да кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө.


