Кыргызстанда Өзбекстан менен кооперациялашуу алкагында 3 миңге жакын автоунаа чыккан

Кыргызстанда Өзбекстан менен кооперациялашуу алкагында 3 миңге жакын автоунаа чыккан

Кыргызстан менен Өзбекстандын экономикасы бири-бирин толуктап тургандыктан, эки өлкө өнөр жай кооперациясын өнүктүрүп жатканын радионун эфиринде Саидикрам Ниязходжаев — Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси билдирди.

Анын айтымында, кызматташтыктын алкагында биргелешкен өндүрүштөрдү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

"Бүгүнкү күндө өнөр жай кооперациясы боюнча бул багытты өнүктүрүү өзүнчө милдет катары коюлуп жатат, анткени биздин экономикалар бири-бирин толуктайт. Бизде бар нерселерди кыргыз тарапка сунуштай алабыз, ал эми Кыргызстанда бар мүмкүнчүлүктөрдү өзбек тарапка сунуштоого болот", — деди ал.

Элчи мисал катары Кыргызстандагы автоунаа өндүрүү боюнча биргелешкен долбоорду келтирди. Анын айтымында, өткөн жылы өлкөдө болжол менен 3 миңге жакын автоунаа чыгарылган.

"Бул — бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында жүргөн даяр автоунаалар", — деди Саидикрам Ниязходжаев.

Ал ошондой эле бул долбоор эл аралык иш-чаралардын биринде белгиленгенин айтты.

"Өткөн жылы АКШнын Эгемендүүлүк күнү белгиленип жаткан учурда менин кесиптешим — АКШнын элчиси — Chevrolet маркасындагы автоунаалар Кыргызстанда өндүрүлүп, өлкө аймагында жүргөнүн көрүү ага өзгөчө жагымдуу экенин сыймыктануу менен белгилеген", — деп кошумчалады ал.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте абаны булгаган унааларга айып пул салынды

Бишкекте абаны булгаган унааларга айып пул салынды

Бишкекте унаалардан чыккан зыяндуу заттардын ченемин аныктоо боюнча кезектеги рейд өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.  Маалыматка ылайык, иш-чараны Экологиялык көзөмөл кызматы Милициянын кайгуул кызматы менен биргеликте уюштурду. Рейд учурунда эки унаанын түтүнү белгиленген нормадан 50%дан ашык жогору экени аныкталды. Натыйжада айдоочуларга Укук бузуулар

"Чабрец" агрофирмасы заманбап технология менен мал чарбасын өнүктүрүүдө

"Чабрец" агрофирмасы заманбап технология менен мал чарбасын өнүктүрүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлис Акунбеков "Чабрец" агрофирмасына барып, мал чарбачылыгында колдонулуп жаткан заманбап технологиялар жана өндүрүш процесси менен таанышты. Иш сапардын жүрүшүндө министр ветеринардык адистер менен жолугуп, малды санариптик идентификациялоо системасы тууралуу маалымат алды. Бул система аркылуу ар бир малга тагылган

Бишкекте №42 мектепке кошумча окуу корпусу курулууда

Бишкекте №42 мектепке кошумча окуу корпусу курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 7-8-март күндөрү Бишкекте курулуп жаткан мектептерди кыдырып, курулуш иштерин жандандырууну жана сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Ведомстводон билдиришкендей, Бишкектеги Алыкулов көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан №42 мектепке барды. Бул жерде мектепке 380 орундуу кошумча окуу корпусу (жалпы кубаттуулугу 800 окуучуга ылайык) курулуп

Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга 6 айга тыюу салынды

Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга 6 айга тыюу салынды

Министрлер Кабинети айыл чарба жаныбарларын Кыргыз Республикасынын аймагынан сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү документке Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларынын баасын турукташтыруу максатында кабыл алынганы белгиленет. Токтомго ылайык, ири мүйүздүү малды, жылкыларды, койлорду жана эчкилерди