Бишкек көчөлөрүнө 581 тонна техникалык туз себилди
"Тазалык" муниципалдык ишканасы шаардын аймагында кар тазалоо жана жолдорго туз себүү иштерин активдүү улантууда. Иштер 2026-жылдын 10-мартына караган түнү башталган. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Шаардын көчөлөрүн тазалоо иштерине бир катар атайын техникалар тартылды. Тактап айтканда, жолдордо 32 даана МАЗ кум-туз чачуучу унаа, 10 даана Shacman кум-туз чачуучу унаа, 1 фронталдык жүктөгүч, 1 экскаватор, 32 даана "Беларусь" трактору, ошондой эле 5 даана универсалдуу коммуналдык машина (УКМ)иштеп жатат.
Мындан тышкары, тазалоо иштерине 20 жол жумушчусу жана 1000ден ашуун санитардык тазалоо кызматкери тартылган. Ал эми жолдордо муз пайда болуусунун алдын алуу максатында иштер башталгандан бери 581 тонна техникалык тузколдонулду.
Белгилей кетсек, шаар көчөлөрүн кардан тазалоо жана жолдорго туз себүү иштери учурда да үзгүлтүксүз улантылууда.