Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат
Бишкек шаарында 2026-жылдын 13-мартынан тарта Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабында жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Ага байланыштуу Кайназарова көчөсүнөн Сыдыгалиев көчөсүнө чейинки тилкеде автотранспорттун кыймылы убактылуу жабылат.
Буга чейин оңдоо иштеринин биринчи этабынын алкагында Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылган.
Белгилей кетсек, жүргүзүлүп жаткан иштер шаардын жол тармагын жакшыртууга, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана жол инфраструктурасын жаңылоого багытталган.
Урматтуу шаар тургундары!
Жол оңдоо иштерине байланыштуу жаралган убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранабыз, - деп айтылат маалыматта.