Жибек-Жолундагы көпүрө жарым-жартылай ачылды
15-мартта реконструкциядан кийин Бишкек шаарындагы Жибек Жолу көчөсүндөгү көпүрө транспорт кыймылы үчүн жарым-жартылай ачылганын Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) басма сөз кызматы билдирди.
Азыркы учурда Осмонкулов жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде кыймыл көпүрөнүн бир тарабында эки багытта уюштурулган.
ЖКККБнын кызматкерлери айдоочуларды бул жол тилкесинде этият болууга, жол белгилеринин талаптарын так сактоого жана жол кыймылынын башка катышуучуларына тоскоолдук жаратпоого чакырышат.
Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматы боюнча, реконструкцияга чейин көпүрөнүн туурасы 9 метр болгон. Жүргүзүлгөн иштерден кийин курулуш кеңейтилди. Учурда көпүрөнүн жалпы туурасы 34,3 метрге, ал эми узундугу 25 метрге жетет.
Көпүрөнүн түштүк тарабын ачуу март айынын аягына пландалууда.