Быйыл 28 миңдей унаа камсыздандырылып, 50 млн 628 миң сом кенемте төлөнүп берилди

Быйыл 28 миңдей унаа камсыздандырылып, 50 млн 628 миң сом кенемте төлөнүп  берилди

Транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) системасы, анын алкагында төлөнүп жаткан каражаттар жана аймактардагы сандык көрсөткүчтөр тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Закир Айдаралиев маалымат берди.

Анын айтымында, 2026-жылдын башынан 13-мартка чейин 28 миңге жакын айдоочу унаасын камсыздандырып, ОСАГО полисин алган. Бул 1,56%ды түзөт. Бул арада өлкө боюнча 499 унаа зыянга учурап, алардын ээлерине 50 млн 628 миң сом кенемте төлөнүп берилген.
Ал эми 2025-жылы 353 миңге жакын адам өзүнүн жарандык жоопкерчилигин камсыздандырган. Ошондой эле 901 жол кырсыгы катталып, унаа ээлерине 86 млн 238 миң сом кенемте төлөнүп берилген.

Облустарда 2025-жылы төмөндөгүдөй санда унаа камсыздандырылган:

Чүй - 44 миң 827 (11,92%);

Ош – 63 миң 230 (16,76%);

Жалал-Абад - 34 миң 66 (14,85%);

Баткен - 27 миң 192 (25,19%);

Талас - 14 миң 123 (23,75%);

Ысык-Көл – 28 миң 896 (22,36%);

Нарын - 21 миң 760 (38,46%).

Мындан тышкары окуңуз

Оор жүк ташуучу унааларга каршы рейдде 3,5 млн сом айып пул салынды

Оор жүк ташуучу унааларга каршы рейдде 3,5 млн сом айып пул салынды

Өлкөдө оор жүк ташуучу унааларга каршы жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында жүздөгөн мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан өлкө аймагында жүк ташуучу автоунааларга карата бир айлык рейддик иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара 19-февралдан 13-мартка чейин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте

Кыргызстанда күйүүчү май тартыштыгы болобу? Нефтетрейдерлерге талаптар коюлду

Кыргызстанда күйүүчү май тартыштыгы болобу? Нефтетрейдерлерге талаптар коюлду

Күн мурун Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан Кыргызстандын нефтетрейдерлери менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү. Ага тармактагы ассоциациялар жана бир катар ири мунай компанияларынын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Жолугушууда калкты күйүүчү-майлоочу материалдар менен туруктуу камсыз кылуу жана бааларды көзөмөлдөө маселелери талкууланды. Нефтетрейдерлердин маалыматына ылайык, учурда

Бишкек мэриясы миңдеген үлүшчүлөргө техпаспорт берүү жолун тапты

Бишкек мэриясы миңдеген үлүшчүлөргө техпаспорт берүү жолун тапты

Бишкек шаарында үлүштүк курулуштун катышуучулары үчүн техпаспортторду тариздөө жана келишимдерди каттоо боюнча убактылуу эрежелер киргизилерин шаар мэриясы билдирди. 2026-жылдын 12-мартындагы тескеме муниципалдык жер тилкелеринде курулган көп кабаттуу үйлөрдөгү үлүшчүлөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган. Документ Кыргыз Республикасынын президентинин турак жайга болгон укуктарды каттоо маселелерин жөнгө салуу боюнча тапшырмасын аткаруу максатында кабыл алынган.

Binance Кыргызстанда криптовалюта менен төлөм жүргүзүүнү өнүктүрүү үчүн BAKAI экосистемасы менен өнөктөштүк түзгөнүн жарыялады

Binance Кыргызстанда криптовалюта менен төлөм жүргүзүүнү өнүктүрүү үчүн BAKAI экосистемасы менен өнөктөштүк түзгөнүн жарыялады

Binance — дүйнөдөгү алдыңкы глобалдык блокчейн экосистемаларынын бири жана соода көлөмү боюнча эң ири криптовалюта биржасы болуп саналат. BAKAI экосистемасы Binance Pay менен BAKAI’га негизделген жаңы чечимди ишке киргизгенин жарыялады. Бул чечим өлкөнүн каалаган жеринде криптовалюта аркылуу товарлар жана кызматтар үчүн төлөм жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жаңы мүмкүнчүлүк Binance Pay инфраструктурасын