Оор жүк ташуучу унааларга каршы рейдде 3,5 млн сом айып пул салынды
Өлкөдө оор жүк ташуучу унааларга каршы жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында жүздөгөн мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан өлкө аймагында жүк ташуучу автоунааларга карата бир айлык рейддик иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара 19-февралдан 13-мартка чейин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте уюштурулду.
Рейддин жүрүшүндө 2 миң 829 жүк ташуучу автоунаа текшерилип, мыйзам бузган айдоочуларга карата 260 протокол түзүлдү. Жалпы суммасы 3 млн 515 миң сом айып пул салынды.
Мындан тышкары, 46 транспорт каражаты айып унаа токтотуучу жайга киргизилди.
Министр Талантбек Солтобаев оор жүк ташуучу автоунаалардын жолдорго келтирген зыянын белгилеп, мындай мыйзам бузууларды алдын алуу боюнча көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасын берген.