Кыргызстанда күйүүчү май кымбаттайбы? Эксперт эмне дейт?

Кыргызстанда күйүүчү май кымбаттайбы? Эксперт эмне дейт?

Март айында дүйнөлүк мунай баалары кескин өсүп, узак убакыттан бери биринчи жолу баррелине 100 доллардан ашты. 18-мартка карата Brent маркасындагы мунайдын баасы 103 долларга жетип, айрым күндөрү 120 долларга жакындады.

Баанын өсүшүнүн негизги себеби Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушу болду. Анын ичинде мунай инфраструктурасына коркунучтар жана дүйнөлүк мунай соодасынын болжол менен 20%ы өтчү Ормуз кысыгындагы кеме жүрүшүнө байланышкан тобокелдиктер бар. Мындан тышкары, жеткирүүдөгү үзгүлтүктөр жана тартыштык күтүүлөрү рынокко кошумча басым жасады.

Кыргызстан бул аймактан түздөн-түз күйүүчү май импорттобогонуна карабастан, дүйнөлүк баалардын өсүшү ички рынокко кыйыр таасирин тийгизет. Өлкө негизинен Россиядан мунай продуктыларын алат, бул жалпы керектөөнүн 90–95%ын түзөт.

Экономика тармагындагы эксперт Кубан Чороев белгилегендей, дүйнөлүк рынокто мунайдын кымбатташы Россиядагы дүң баалардын өсүшүнө алып келет. Бул болсо кыргызстандык компаниялар үчүн күйүүчү майды сатып алуу баасына таасир этет.

Анын айтымында, дүйнөлүк баалардын ички рынокко таасири дароо эмес, белгилүү бир убакыттан кийин — бир нече жума же бир ай аралыгында байкалат. Ошол эле учурда 2026-жылга карата Россиядан мунай продуктыларын жеткирүү боюнча 1,5 млн тонна көлөмүндө индикативдик баланс макулдашылган. Анын ичинде 650 миң тонна бензин жана 550 миң тонна дизелдик отун бар.

Күйүүчү майга болгон баалар Азиянын ири экономикаларында, анын ичинде Кытай менен Индияда да өсүүдө. Бул өлкөлөр Россиянын мунайын импорттоону көбөйтүп жатышат, натыйжада ресурстар үчүн атаандаштык күчөп, бааларга кошумча басым жаралууда.

Учурда Кыргызстанда ички рыноктогу абал туруктуу бойдон калууда. Күйүүчү май үзгүлтүксүз жеткирилүүдө, тартыштык байкалган жок. Бирок айыл чарба сезону башталганда, айрыкча дизелдик отунга болгон суроо-талап өсүшү күтүлүүдө.

Жалпы факторлорду — дүйнөлүк баалардын жогору болушун, суроо-талаптын өсүшүн жана импортко көз карандылыкты эске алганда, жакынкы келечекте ички рынокто күйүүчү майдын баасы жогорулашы мүмкүн.

Мындан тышкары окуңуз

Оливер Стоундун “Атом” даректүү тасмасы Кыргызстандын энергетикасынын келечеги тууралуу талкууну жаратты

Оливер Стоундун “Атом” даректүү тасмасы Кыргызстандын энергетикасынын келечеги тууралуу талкууну жаратты

Заманбап дүйнө - өсүп жаткан экономиканы ишенимдүү энергия менен камсыз кылып, ошол эле кезде планетаны климаттын өзгөрүшүнүн таасиринен кантип сактап кала алат? деген, татаал тандоодо турат. И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университети 2026-жылдын 23-мартында энергетиканын келечеги тууралуу суроолорго жооп издөөчү аянтчага айланды. “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү аталган

Кытай компаниясы Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирди

Кытай компаниясы Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирди

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров China State Construction Engineering Corporation компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту. Анда Кыргызстан менен China State Construction Engineering Corporation ортосунда ири инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташуунун келечеги талкууланды. Тараптар транспорттук инфраструктураны, анын ичинде автожолдорду, көпүрөлөрдү жана темир жолдорду куруу жана жаңылоо маселелерине,

Бишкекте жазгы фестиваль болуп, ага 3 000ден ашуун конок катышты

Бишкекте жазгы фестиваль болуп, ага 3 000ден ашуун конок катышты

Royal Central Park  - Spring Festival уюштуруп, ага 3 миңден ашуун конок катышып, чыныгы майрамдык маанай тартууланды. Жазгы фестивалдын өзөгүн дээрлик 6 мүнөткө созулган жаркыраган фейерверк-шоу түзүп, Бишкектин асманын түркүн түскө боеп, катышуучуларга унутулгус таасир калтырды. 2026-жылдын 22-мартында өткөн фестивалда коноктор үчүн жарманке жана кол өнөрчүлүк зоналары, балдар үчүн көңүл

Сулайман-Тоо комплексин оңдоп-түзөөгө 12,7 млн доллар бөлүнөт

Сулайман-Тоо комплексин оңдоп-түзөөгө 12,7 млн доллар бөлүнөт

Быйыл Сулайман-Тоодо оңдоп-түзөө иштери ушул жылдын июнь айында башталарын “Сулайман-Тоо” тарыхый- археологиялык музей комплексинин директору Медербек Апарханов "Эркин-Тоого" берген маегинде билдирди. Анын айтымында, Сулайман-Тоо комплексин оңдоп-түзөө иштерин каржылоо үчүн Дүйнөлүк банк тарабынан 12 млн 700 миң доллар бөүнгөнү турат. "Учурда долбоордун