Нарын дарыясына 210 метрлик заманбап көпүрө курулат
Президент Садыр Жапаров Бишкек – Ош унаа жолундагы Нарын дарыясына жаңы көпүрө куруу боюнча Япония менен түзүлгөн гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду.
Доументке ылайык, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда (трассанын 315-чакырымында) узундугу 210 метр болгон заманбап көпүрө курулат.
Жаңы көпүрө 1964-жылы курулуп, учурда жүк көтөрүү жөндөмүн жоготкон эски көпүрөнүн ордуна салынмакчы.
Аталган долбоор жолдогу убакытты кыскартып, Бишкек – Ош трассасынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн арттырат. Ошондой эле Транскаспий эл аралык маршруту менен байланышты чыңдап, Борбор Азиядагы соода-экономикалык интеграцияга өбөлгө түзөт.
Каржылоо булактары:
- Япония өкмөтү (JICA): 3 млрд 190 млн япон йени өлчөмүндө грант бөлүп берет.
- Республикалык бюджеттен кошо каржылоо иретинде болжол менен 9,9 млн сом бөлүнөт.
Мыйзам расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.