"Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан" темир жолунун курулушу активдүү уланууда

"Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан" темир жолунун курулушу активдүү уланууда

24-мартта Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан" темир жол долбоорун ишке ашырып жаткан компаниянын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жолугушууга кыргыз тараптан Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жетекчилиги, "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясынын өкүлдөрү, ошондой эле аталган темир жол долбоорун ишке ашырып жаткан компаниянын өкүлдөрү катышты.

Маалыматка ылайык, учурда темир жол курулушу боюнча негизги долбоордук материалдар даярдалып, чиймелер такталып, тиешелүү макулдашуулар жүргүзүлүүдө. Курулуш аянттарында кеңири масштабдагы иштер башталып, 5 миңден ашуун жумушчу жана 5,6 миңден көп техника тартылган.

Негизги иштер тоннелдерди казууга, жер иштерине жана көпүрөлөрдү курууга багытталган. Бүгүнкү күнгө чейин 3,5 миллион куб метрден ашык жер казуу иштери аткарылган.

Жолугушууда министр Эрлист Акунбеков долбоорду ишке ашырууда коопсуздук жана экологиялык талаптарды так сактоо зарылдыгын белгиледи. Министрлер Кабинети өз кезегинде долбоорду ишке ашырууда бардык зарыл колдоо жана координацияны камсыз кыларын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Суусамырда 5 миң форель чабагы дарыяларга коё берилди

Суусамырда 5 миң форель чабагы дарыяларга коё берилди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаменти тарабынан балыктандыруу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Анын алкагында Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндөгү Суусамыр жана Көкөмерен дарыяларына куйган сууларга Ысык-Көл жилингири (форель) балыгынын 5 миң даана чабактары коё берилди. Бул иш-чара

Россия өкмөтү бензинди экспорттоого тыюу салууну карап жатат

Россия өкмөтү бензинди экспорттоого тыюу салууну карап жатат

Россиянын Министрлер кабинети бензинди экспорттоого толук тыюу салууну кайра киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканын "Интерфакс" агенттигинин булактары билдиришти. Бул маселе күйүүчү майдын биржадагы баалары кескин өсүп кеткендиктен талкуулана баштаган. Баалардын өсүшүнө Жакынкы Чыгыштагы согуш себеп болгон. Булактардын айтымында, тыюуну дароо бир кварталга киргизүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Мындай чектөөлөр Россияда өткөн

Бишкекте 5 мыйзамсыз газ толтуруучу жай аныкталып, айып салынды

Бишкекте 5 мыйзамсыз газ толтуруучу жай аныкталып, айып салынды

Бишкекте мыйзамсыз газ толтуруучу жайларга каршы рейдде 5 түйүн аныкталып, айып пул салынды. Коопсуздук талаптарын бузган бир объект демонтаждалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Иш-чара Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы, ӨКМдин мамлекеттик өрт көзөмөлү жана ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо

Токтогул – Беш-Таш унаа жолунун 53 чакырымына асфальт төшөлөт

Токтогул – Беш-Таш унаа жолунун 53 чакырымына асфальт төшөлөт

25-мартта Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев иш сапары менен Токтогул районуна барып, Токтогул – Беш-Таш унаа жолунда жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринде таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Учурда жалпы узундугу 53 чакырымды түзгөн жол тилкесинде жер иштери башталган. Буга чейин жолдун айрым бөлүктөрү гана асфальтталып, калган тилкелеринде жарандарга жана транспорт