"Манас" эл аралык аэропортунун өткөрүү мүмкүнчүлүгү үч эсеге көбөйөт

"Манас" эл аралык аэропортунун өткөрүү мүмкүнчүлүгү үч эсеге көбөйөт

"Кыргызстан аэропорттору" ААКсынын басма сөз кызматы билдиргендей, "Манас" эл аралык аэропортунун аэровокзал комплексин масштабдуу реконструкциялоо иштери активдүү жүрүп жатат. Долбоордун алкагында аэровокзалдын аймагы 20 миң чарчы метрге кеңейтилүүдө. Бул инфраструктураны кыйла кеңейтүүгө жана анын натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Жаңыланган комплекс заманбап технологиялуулук, ыңгайлуулук жана дизайн стандарттарына жооп берет. Натыйжада аэропорттун өткөрүү мүмкүнчүлүгү үч эсеге көбөйөт.

Ошол эле учурда 650 унаага ылайыкталган жаңы жабык унаа токтотуучу жай курулууда.

Бул унаа токтотуучу жай терминал менен заманбап жабык өтмөк аркылуу туташтырылат. Бул жүргүнчүлөрдүн жылдын бардык мезгилинде коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүсүн камсыз кылат.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев Казакстан Республикасына иш сапары менен барды

Адылбек Касымалиев Казакстан Республикасына иш сапары менен барды

Бүгүн, КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстан Республикасына жумушчу сапары менен келди. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын учагы Шымкент шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйындарына ошондой эле, “Digital Qazaqstan – 2026” (Санарип Казакстан — 2026) эл аралык санарип форумуна катышмакчы.

Чет өлкөгө жумушка жөнөтөм деген алдамчылар көбөйдү

Чет өлкөгө жумушка жөнөтөм деген алдамчылар көбөйдү

Чет өлкөгө ишке орноштурам деп жарандардан акча алган шылуундар көбөйдү. Бул тууралуу Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборунун Эмгек миграциясы башкармалыгынын башчысы Эсенбек Эргешов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, жарандар агенттиктерди www.migrant.kg расмий сайты аркылуу текшериши керек. Бул жерде лицензиясы бар бардык мыйзамдуу агенттиктер тууралуу маалымат

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы керектөөчүлөрдүн укуктары тууралуу сабак өтүштү

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы керектөөчүлөрдүн укуктары тууралуу сабак өтүштү

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Кара-Балта шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрү менен биргеликте М. Ибраимов атындагы Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжинин окутуучулары үчүн маалыматтык-түшүндүрүү лекциясын өткөрүштү. Иш-чара Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча Бүткүл дүйнөлүк күндүн алкагында уюштурулуп, керектөөчүлөрдүн укуктары жана аларды коргоо механизмдери тууралуу маалымат

"Бала ырысы" жөлөкпулун ишке ашыруу механизмдери талкууланды

"Бала ырысы" жөлөкпулун ишке ашыруу механизмдери талкууланды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде "Бала ырысы" мамлекеттик жөлөкпулун ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун биринчи жыйыны өттү. Бул тууралуу ведомстводо билдиришти. Министр Канат Сагынбаев жөлөкпул Президенттин демилгеси менен киргизилип жатканын белгилеп, ал үч жашка чейинки балдарга ай сайын төлөнөрүн айтты. Жөлөкпул балдардын тамактануусун жакшыртууга, кам көрүү шарттарын