Сузакта 7,2 чакырымдан ашык автожол асфальтталат

Сузакта 7,2 чакырымдан ашык автожол асфальтталат

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Дарыя – Нервти – Пром – Үч-Мазар – Дөш автожолунун 7 чакырым 250 метр аралыгы асфальтталат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Учурда жолду асфальттоого даярдык көрүү максатында кеңейтүү жана жолдун негизин даярдоо иштери активдүү жүргүзүлүүдө.

Аталган жол буга чейин кара шагыл жол болуп, асфальт катмарынын жоктугунан жергиликтүү тургундар үчүн бир топ ыңгайсыздыктарды жаратып келген. Долбоор ишке ашкандан кийин үч айылдын ортосундагы транспорттук байланыш жакшыртылып, калктын жүрүп-туруу шарттары жеңилдейт.

Долбоорго ылайык, автожол эки тилкелүү IV категорияга ылайык курулуп, жол жээктери кеңейтилет.

Курулуш иштери этап-этабы менен жүргүзүлүп, белгиленген мөөнөттө бүткөрүлөрү пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

Коста-Рика Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарын убактылуу кабыл алууга макул болду

Коста-Рика Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарын убактылуу кабыл алууга макул болду

Коста-Рика АКШдан чыгарылган мигранттарды кабыл алууга макулдук берди. АКШ менен Коста-Риканын бийликтери башка өлкөлөрдөн депортацияланган мигранттарды кабыл алуу боюнча алдын ала келишимге кол коюшту. Коста-Риканын президентинин администрациясы билдиргендей, өлкө жума сайын 25ке чейин мигрантты кабыл ала алат деп Reuters агенттиги кабарлады. Келишимге ылайык, Вашингтон финансылык жактан колдойт, ал эми Эл

Пестициддер жана агрохимикаттар боюнча электрондук база түзүлүп жатат

Пестициддер жана агрохимикаттар боюнча электрондук база түзүлүп жатат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти заманбап электрондук башкаруу системасын киргизүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, өлкө аймагында колдонууга уруксат берилген пестициддер жана агрохимикаттар боюнча маалымат базасы электрондук форматта түзүлүп, толукталууда. Учурда системанын функционалдык мүмкүнчүлүктөрү өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын

Кыргызстанда тигүү тармагын колдоо уланып жатат

Кыргызстанда тигүү тармагын колдоо уланып жатат

Кыргызстанда тигүү тармагындагы ишкерлерди жеңилдетилген насыялар аркылуу колдоо улантылып жатканын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков "Биринчи" радионун эфиринде билдирди. Анын айтымында, каржылоо эки мамлекеттик банк аркылуу берилип жатат жана бөлүнгөн жалпы сумма 1 млрд сомго жакындап калды. Министр белгилегендей, насыялардын негизги алуучулары мыйзам чегинде иштеген компаниялар. Документтердин

Суусамырда 5 миң форель чабагы дарыяларга коё берилди

Суусамырда 5 миң форель чабагы дарыяларга коё берилди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаменти тарабынан балыктандыруу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Анын алкагында Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндөгү Суусамыр жана Көкөмерен дарыяларына куйган сууларга Ысык-Көл жилингири (форель) балыгынын 5 миң даана чабактары коё берилди. Бул иш-чара