Эки айда автоунаа өндүрүү көлөмү 7 млн долларга жетти
2026-жылдын январь–февраль айларында Кыргызстанда автоунаа өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен 621,3 млн сомду же 7 млн долларды түзгөнүн Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына жүргүзүлгөн талдоодо айтылат.
Ошол эле учурда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүш анча чоң эмес болгон — 620,6 млн сомдон көбөйгөн.
Февраль айында өлкөдө 347,6 млн сомго же 3,9 млн долларга автоунаа өндүрүлгөн.
Белгилей кетсек, 2025-жылы Кыргызстанда жалпы автоунаа өндүрүшү учурдагы баалар менен 5 млрд 9,3 млн сомду же 57,3 млн долларды түзгөн.