Көчмөндөр оюндарына карата Чолпон-Атадагы айланма жол бүткөрүлөт
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2026-жылы Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында айланма жолдун курулушун баштады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Долбоор алдыда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммитине байланыштуу ишке ашырылууда.
Жол 4 тилкеден туруп, жалпы узундугу 15,64 чакырымды түзөт. Курулуш иштери мамлекеттик капиталдык салымдар эсебинен каржыланууда.
Учурда жер иштерин жүргүзүү, ашыкча топуракты чыгаруу, демонтаж жана темир-бетон конструкцияларын даярдоо иштери жүрүп жатат. Ошондой эле асфальт-бетон заводун орнотуу пландалууда.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн "Чайна Роуд энд Бридж Корпорэйшн" компаниясы менен келишим түзүлгөн.
Айланма жолдун курулушу шаардагы транспорттук жүктү азайтып, жол инфраструктурасын жакшыртууга жана эл аралык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүүгө шарт түзөт.