Быйыл өлкөдө 1100 чакырымдан ашык жол курулуп, оңдолот

Быйыл өлкөдө 1100 чакырымдан ашык жол курулуп, оңдолот

2026-жылдын курулуш мезгилинде Кыргызстан боюнча стратегиялык жана жергиликтүү маанидеги автожолдор кеңири масштабда курулуп, оңдолот.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, "Мамлекеттик капиталдык салымдар" беренеси боюнча 700 чакырым, ал эми титулдук тизме боюнча 457 чакырым жолду куруу жана оңдоо пландалууда.

Учурда мамлекеттик бюджеттин эсебинен Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол, Нарын — Баетов, Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка жана Сафаровка — Барпы жолдорунда иштер жүрүп жатат.

Мындан тышкары, Түндүк — Түштүк альтернативдик жолундагы курулуштар, Барскоон — Бедел жолу, Бишкектин түндүк айланма жолу жана Лебединовка — ГЭС-5, Бишкек — Кант, Арашан — Чуңкурчак, Бишкек — Күнтуу — Шопоков жолдорунда иштер улантылат.

Инвестициялык долбоорлордун алкагында "Суусамыр — Талас — Тараз" (93 км), Корумду — Балбай Баатыр (79,3 км) жана Барскоон — Каракол (75 км) жолдорун реконструкциялоо иштери жүрөт.

Ошондой эле бир катар жаңы долбоорлор ишке ашырылат. Алардын катарында Профсоюз көчөсү, Жаңы Ош базарына баруучу жол, Чолпон-Атаны айланып өтүүчү жол, Бозучук — Жыргалан жана Жети-Өгүз — Койсары жолдору бар.

Жалпысынан өлкө боюнча жол инфраструктурасын өнүктүрүү багытындагы иштер улантылып, транспорт тармагын жакшыртууга багытталууда.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде өрүк бактарга дрондор менен дары чачыла баштады

Баткенде өрүк бактарга дрондор менен дары чачыла баштады

Баткен районунда өрүк бактарын коргоо үчүн заманбап технологиялар колдонула баштаганын райондук администрация билдирди. Самаркандек айыл аймагында бакчалар зыянкечтерге каршы дарыларды чачуу атайын дрондордун жардамы менен ишке ашып жатат. Негизги максат — айыл чарба өсүмдүктөрүн коргоо жана түшүмдүүлүктү жогорулатуу. Белгиленгендей, мындай ыкма убакытты кыйла үнөмдөйт, дары каражаттарды бирдей жана натыйжалуу чачууга мүмкүндүк

Зумерлер 2030-жылы жумушчулардын 50%ын түзөт

Зумерлер 2030-жылы жумушчулардын 50%ын түзөт

Эмгек рыногунда иш берүүчүлөрдүн үстөмдүк ролу азайып, талапкерлер барган сайын иш шарттарын жана компанияларды өздөрү тандай баштаганын бизнес-чарада рекрутинг агенттигинин директору Алина Макенова билдирди. Анын айтымында, негизги тренддердин бири — иш берүүчү менен кызматкердин ортосундагы күчтөрдүн тең салмактуулугунун өзгөрүшү. "Бүгүнкү күндө кызматкерди иш берүүчү гана тандабастан, талапкер да компанияны тандайт.

Парламент 16 жашка чейинки балдардын паспорт алуусун жөнөкөйлөтүүнү колдоду

Парламент 16 жашка чейинки балдардын паспорт алуусун жөнөкөйлөтүүнү колдоду

Жогорку Кеңеште эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет 16 жашка чейинки балдар үчүн паспорт алуу тартибин жөнөкөйлөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун колдоду. Жыйында депутаттар "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу демилгени карашты. Ал жашы жете элек жарандар үчүн чет өлкөгө чыгуучу паспортторду алуу жол-жобосун жеңилдетүүнү

Улуттук банк «Тиллабай» ЖЧКсынын эки лицензиясын кайтарып алды

Улуттук банк «Тиллабай» ЖЧКсынын эки лицензиясын кайтарып алды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн «Тиллабай» жоопкерчилиги чектелген коомунун лицензиялары кайтарылып алынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан маалымдашты. Маалыматка ылайык, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2026-жылдын 27-мартындагы чечиминин негизинде аталган компаниянын эки лицензиясы 2026-жылдын 30-мартынан тартып күчүн жоготту. Тактап айтканда, үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу жана өткөрүү