Кыргызстан менен Казакстан чек арасында кайрадан жүк ташуучу унаалардын узун тыгыны пайда болду
Кант шаарына жакын жайгашкан "Ак-Тилек — Автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктунда жана "Кең-Булуң" КППсында кайрадан жүк ташуучу унаалардын узун кезеги пайда болгонун айдоочулар Kaktus.mediaга билдиришкен.
Алардын айтымында, мындай абал бир жумадай убакыттан бери уланып жатат.
"Тез бузулуучу жүктөрдү кезексиз өткөрүп жатабыз, айдоочулар өз ара түшүнүшүү менен өткөрүп жиберишет. Калгандары болсо бир нече күн күтүүгө мажбур. Кыргызстандын чек арасынан өтүүдө маселе жок, негизги көйгөй Казакстандын чек арасынан өтүүдө жаралууда", — дешти алар.
Видео материалдарда тыгындардын бир нече чакырымга созулганы көрүнөт. Эл аралык жүк ташуучулар ассоциациясынын төрага орун басары Игорь Голубев бул кырдаал Казакстандын чек ара кызматтары тарабынан көзөмөл текшерүүлөрүнүн күчөтүлүшүнө байланыштуу экенин билдирди.
Ал эми Кыргызстандын Чек ара кызматы бул абалды жаз мезгилинде жүк агымынын, айрыкча Кыргызстандан экспорттолгон айыл чарба продукциясынын көбөйүшү менен түшүндүрдү.