Бишкекте ОСАГО полиси боюнча 44 жаранга 4 млн сомго жакын кенемте төлөндү
Бүгүн Бишкек шаарында Мамлекеттик камсыздандыруу уюму ОСАГО полиси боюнча 44 жаранга 4 млн сомго жакын кенемте төлөп берди. Бул жолу сертификаттар ээлерине Бишкек шаардык жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын айып короосунда тапшырылды.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек шаарындагы филиалынын директору Алима Нурланованын айтымында, уюм 3 айдын ичинде ОСАГО полиси боюнча 100 млн сомдун тегерегиндеги каражаттарды төлөп берди.
“Акыркы 3 жылда өлкөдө камсыздандыруу рыногу өнүгүүдө. Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун 7 облуста 7 филиалы иш алып барууда. Алар ар жума сайын полис ээлерине каражаттарды төлөп беришүүдө.
Мисалы, күнөөлүү тараптар буга чейин ОСАГО полисин алып койгондуктан, бүгүнкү күндө сиздерге төлөмдөр жүргүзүлүп жатат. Анын маанилүү жана пайдалуу экендигине өзүңүздөр күбө болуп жатасыздар. Андыктан, унааларды, турак жайларды камсыздандырыңыздар”,-деди директор.