Төө-Ашууда асфальт жаңыртылып, коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө

Төө-Ашууда асфальт жаңыртылып, коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө

Быйылкы жылдын курулуш мезгилинде Бишкек–Ош автожолунун Төө-Ашуу ашуусунда орто оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Капиталдык салымдар" беренесинин алкагында автожолдун 130–146-чакырымдар аралыгында эски асфальт катмары сыйрылып, анын ордуна жаңы асфальт төшөлөт.

Ошондой эле министрликтин алдындагы №9 Жол тейлөө ишканасы Сосновка постунан Төө-Ашуу ашуусунун түшө беришине чейинки 80–139-чакырымдар аралыгында жол коопсуздугун камсыздоочу парапеттерди алмаштыруу иштерин жүргүзүүдө. Жалпысынан 200 даана парапет орнотуу пландалган болсо, учурда анын 180 даанасы орнотулду.

Белгилей кетсек, бул парапеттер Бишкек–Ош автожолу реконструкцияланган учурдан бери, 20 жылдан ашык убакыттан бери жаңыртылган эмес.

Жүргүзүлүп жаткан иштер жолдун сапатын жакшыртууга жана айдоочулар үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Тигүү тармагы акырындап жандана баштады

Тигүү тармагы акырындап жандана баштады

Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Бишкектеги ири тигүү цехтердин бирине барып, өндүрүш процессин таанышып чыкканын министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Вице-министрдин айтымында, өлкөнүн тигүү жана текстиль тармагы 2025-жылдын күзүндө тышкы факторлордун таасири менен олуттуу кыйынчылыктарга дуушар болгон. Ошол эле учурда мамлекет бул секторду колдоо чараларын көрүп келет.

"Сүрөтчүлөр үйү" муниципалдык менчикте калып, ишин улантат

"Сүрөтчүлөр үйү" муниципалдык менчикте калып, ишин улантат

Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында Айбек Жунушалиев Сүрөтчүлөр үйү муниципалдык менчикте кала турганын билдирди. Ал депутаттардан Чүй проспектиси, 108 (11 сотых) жана Киев көчөсү, 55 (490 чарчы метр) даректериндеги эки жер тилкесин мамлекетке бекер өткөрүп берүү тууралуу токтом долбоорун күн тартибинен алып салууну суранды. "Сүрөтчүлөр үйү муниципалдык менчикте калат

Кыргызстанда КЖЭБ электр энергиясын сатып алуу 4 сом 42 тыйындан ашпайбы?

Кыргызстанда КЖЭБ электр энергиясын сатып алуу 4 сом 42 тыйындан ашпайбы?

Кайра жаралуучу энергия булактарынан (КЖЭБ) өндүрүлгөн электр энергиясын сатып алуунун эң жогорку тарифи 4 сом 42 тыйынды түзөрүн Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин жыйынында энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов билдирди. Анын айтымында, республикада жыл сайын жаңылануучу энергия булактары активдүү өнүгүп жатат. "КЖЭБ жөнүндө мыйзамга ылайык, мамлекет кичи ГЭСтерден жана

Чүйдө 30,4 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Чүйдө 30,4 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Чүй районунун прокуратурасы жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Тактап айтканда, 2007-жылы Биримдик айыл аймагында спорттук курулуштар үчүн каралган 2,2 гектар жер тилкеси мыйзам талаптарын одоно бузуу менен жеке жактарга берилип кеткендиги белгилүү болду. Текшерүүнүн жыйынтыгында прокурордук чара көрүү