Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?
"Код 95” айдоочулук күбөлүктүн бир түрү катары эл аралык жүк ташууда керектелчү документ болуп саналарын президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов "Кабар"агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, айдоочулар бул документти алуу үчүн өз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгү болушу шарт. Андан соң белгилүү бир убакыт окуп, “код 95ти” ала алат.
Салимжанов белгилегендей, бул талап эл аралык жүк ташууда бир өлкөдөн экинчи өлкөгө кирүү үчүн талап кылынат.
Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун бөлүм башчысы Адилет Сейталиев билдиргендей, бул кодду алуу үчүн айдоочулар жумуш берүүчүлөр менен келишим түзүүсү керек.
“Бүгүнкү күндө Европа биримдигине жүк ташыган биздин жарандарда А4 форматындагы “код 95” документи бар. Ошол эле маалда ID карта сыяктуусун алуусу да каралууда. Биздин жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк менен аталган документти ала берсе болот”, - деп айтты ал.