Бишкекте Гоголь көчөсүндө жылуулук түтүктөрү алмашууда
"Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы 2026–2027-жылдардагы жылытуу мезгилине даярдыктын алкагында Гоголь көчөсүндө жылуулук тармагынын бир тилкесин алмаштыруу иштерин жүргүзүүдө.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, иштер Москва көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки бөлүктө жүргүзүлүп, узундугу 26 метрди түзгөн, 1974-жылдан бери колдонулуп келген эски тармак алмаштырылууда.
Жер казуу иштери 25-марттан тарта башталып, учурда бул аймакта автоунаалардын кыймылы жарым-жартылай чектелүүдө.
Бул иштер жылуулук менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана авариялык кырдаалдардын алдын алууга багытталган.
Иштер аяктагандан кийин аталган тилкеде асфальт төшөлөт.
Муниципалдык ишкана шаар тургундарын убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.