Бишкек мэриясы "Нуркожо" конушундагы коомдук транспорт боюнча түшүндүрмө берди

Бишкек мэриясы "Нуркожо" конушундагы коомдук транспорт боюнча түшүндүрмө берди

Бишкек шаарынын мэриясы Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу тарабынан айтылган "Нуркожо" конушунда коомдук транспорт жок деген маалымат чындыкка дал келбесин билдирди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Мэриянын маалыматына ылайык, учурда "Ак-Бата" конушунун акыркы аялдамасына жана "Нуркожо" конушунун башына чейин №23 жана №77 автобус каттамдары, ошондой эле №117, №128 жана №185 кичи автобустар каттап турат.

Ошол эле учурда, конуштун ичине түздөн-түз коомдук транспорт киргизүү азырынча мүмкүн эмес экени белгиленди. Мындан тышкары, тургундар коомдук транспортко жетүү үчүн 1,5–2 чакырым жөө басат деген маалымат туура эмес экени айтылды.

2026-жылдын 20-мартында тиешелүү кызматтардын катышуусунда көчмө жыйын өтүп, "Нуркожо" конушундагы транспорттук тейлөөнү жакшыртуу боюнча чечимдер кабыл алынган.

Мэрия депутат айтылган маалыматтар чындыкка дал келбестигин белгилеп, бул боюнча укуктук чара көрүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

"Кыргызстандын 100 санарип аял-лидери" программасы башталды

"Кыргызстандын 100 санарип аял-лидери" программасы башталды

Аял жетекчилердин лидерлик потенциалын өнүктүрүүгө багытталган "Кыргызстандын 100 санарип аял-лидери" билим берүү программасы расмий түрдө башталды. Долбоор аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программанын алкагында ишке ашырылууда. Бул тууралуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия билдирди. Маалыматка ылайык, программа мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштеген, ошондой эле кадрлар

Камбоджада алдамчылыкка шектелген кыргызстандык кармалды

Камбоджада алдамчылыкка шектелген кыргызстандык кармалды

Камбоджанын борбору Пномпень шаарында кол-борборго жүргүзүлгөн рейд учурунда 20 чет элдик жаран кармалды. Алардын ичинде 19 Кытай жараны жана Кыргызстандын бир жараны бар экенин Khmer Times гезити билдирди. Маалыматка ылайык, шектүүлөр алдамчылык иштерине катышы бар деп эсептелген кол-борбордо тинтүү жүргүзүлүп жаткан учурда кармалган. Онлайн алдамчылыкка каршы күрөштү күчөтүүнүн алкагында Пномпень

Ысык-Көлдөн жыл башынан бери 9 900 метр тор, 160 кг таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдөн жыл башынан бери 9 900 метр тор, 160 кг таштанды чыгарылды

ӨКМдин Суучулдар кызматы тарабынан Ысык-Көлдө тазалоо иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Учурда адистер көлдүн Түп районуна караштуу айыл аймактарында суу түбүнөн балык уулоочу торлорду жана ар кандай таштандыларды тазалоо иштерин улантып жатышат. Маалыматка ылайык, жыл башынан бери жүргүзүлгөн иштердин алкагында көл түбүнөн жалпысынан 9900 метр мыйзамсыз балык уулоочу тор жана 160 килограммга

ЭСФ, ЭТТН жаңы системасын киргизүү товарлардын кымбатташына алып келеби?

ЭСФ, ЭТТН жаңы системасын киргизүү товарлардын кымбатташына алып келеби?

Бишкекте өткөн тегерек столдун алкагында жеткирүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү Экономика министрлигин жана Мамлекеттик салык кызматын электрондук эсеп-фактуралардын (ЭСФ) жана коштомо жүк кагаздарынын (ЭТТН) жаңы системасын киргизүү мөөнөттөрүн кайра карап чыгууга чакырышты. Бизнес өкүлдөрү гибрид документ эки системанын тең техникалык кемчиликтерин камтып калганын айтып, аны ишке киргизүү кризис шартында кошумча чыгымдарды талап