ЭСФ, ЭТТН жаңы системасын киргизүү товарлардын кымбатташына алып келеби?

ЭСФ, ЭТТН жаңы системасын киргизүү товарлардын кымбатташына алып келеби?

Бишкекте өткөн тегерек столдун алкагында жеткирүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү Экономика министрлигин жана Мамлекеттик салык кызматын электрондук эсеп-фактуралардын (ЭСФ) жана коштомо жүк кагаздарынын (ЭТТН) жаңы системасын киргизүү мөөнөттөрүн кайра карап чыгууга чакырышты.

Бизнес өкүлдөрү гибрид документ эки системанын тең техникалык кемчиликтерин камтып калганын айтып, аны ишке киргизүү кризис шартында кошумча чыгымдарды талап кылышы мүмкүн экенин билдиришти.

Жеткирүүчүлөр ассоциациясынын аткаруучу директору Гульнара Ускенбаева пилоттук долбоор агроиштетүү тармагына ашыкча жүк жаратарын белгиледи. Анын айтымында, өндүрүүчүлөр кошумча операцияларды аткарууга мажбур болушууда:

  • чийки затты (жашылча, таңгак) өзүнчө каттоо
  • даяр продукцияны өзүнчө өткөрүү

Ошондой эле бизнес өкүлдөрү Салык кызматынын товарлар каталогун толтурууда кечигүүлөр болуп жатканын, бул жүктөрдү жөнөтүүнү жайлатарын жана айып пул коркунучун жаратарынын айтышууда.

Ускенбаева долбоордун каржылык тобокелдиктерине токтолду:

"Жаңы системаны киргизүү чоң, орто жана чакан бизнес үчүн кошумча чыгымдарды талап кылат. Азыр баалар өсүп жаткан шартта бул жеңил болбойт. Дүйнө кризисте турганда Кыргызстан да андан тышта калбайт. Бул чыгымдар керектөөчүлөр үчүн оор болуп калбайбы?",-деди ал.

Мамлекеттик салык кызматында документтерди бириктирүү процедураларды жөнөкөйлөтөрүн билдиришти. Жаңы система төмөнкүлөрдү камсыздайт:

  • салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу “бирдиктүү кирүү”
  • каттоодо автоматтык түрдө виртуалдык кампа түзүү

Мекеменин түшүндүрмөсүнө ылайык, "бир төлөөчү — бир кампа" принциби ЕАЭБ талаптарына ылайык товарлардын ачык-айкын көзөмөлүн камсыздайт.

Салык кызматы документтерди тариздөө шарттарын да түшүндүрдү:

  • товар жеткирилгенден кийин 15 жумуш күндүн ичинде документ түзүүгө болот
  • бухгалтердик жана салыктык эсеп үчүн API-интеграция жана топтук жүктөө мүмкүнчүлүгү иштелип чыгат.

Ошондой эле учурдагы товарлар каталогу кайра иштелип чыкканын, аны өзгөртүү системада мүчүлүштүктөргө алып келиши мүмкүн экенин белгилешти.

Салык кызматы кошумча чыгымдар болбойт деп ишендиргенине карабастан, ишкерлер пилоттук долбоордун мөөнөтүн узартууну талап кылышууда. Негизги көйгөй — көп кампалуу ири компаниялар үчүн бирдиктүү виртуалдык кампа механизминин ыңгайсыздыгы.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media