Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат
Бишкек шаарындагы Широкая көчөсүнүн Новосельская көчөсүнөн Керамическая көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол куруу иштери жүрүп жатат. Долбоор шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында ишке ашырылууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан бордюрларды орнотуу, тротуарларды куруу жана ирригациялык тармакты монтаждоо иштери аткарылууда. Адистер бардык иштерди белгиленген графикке ылайык жүргүзүп жатышат.
Көчөнү жаңылоо жөө жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, шаар тургундары менен конокторунун коопсуздугун камсыз кылууга багытталган. Жаңыланган жол тилкеси шаардык транспорттук инфраструктуранын сапатын дагы жакшыртат.