Чүйдө жол курулуш иштериндеги кемчиликтер аныкталды
Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Тариэль Жаныбеков Чүй облусундагы жол тейлөө ишканаларын кыдырып, курулушу жүрүп жаткан унаа жолдорундагы иштердин аткарылышы менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришити.
Иш сапардын алкагында мекеме жана ишканалардын иш кагаздары каралып, техникалык парктар текшерилди. Ошондой эле өндүрүштүк иштердин жүрүшү боюнча маалыматтар угулду.
Кыдыруу учурунда жол курулуш иштерин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүткөрүү боюнча талаптар коюлуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Айрым жол тейлөө ишканаларындагы кемчиликтер боюнча жетекчилерине чаралар көрүлдү.
Мындан тышкары, “Жашыл мурас” долбоорунун алкагында жашылдандыруу жана сейил бактарды түзүү иштерин ыкчамдатуу тапшырмасы берилди.


