Мырзаке – Кара-Шоро жолунда көчкү тазаланып, жолду бийиктетүү иштери башталды
7-8-апрелдеги жаан-чачындан улам Мырзаке – Кара-Шоро унаа жолунун 47-чакырымында (Жаман-Тал тилкеси) тоо тектери кулап, көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, №5 Жол тейлөө ишканасы тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду тазалоо иштери ыкчам жүргүзүлдү.
Учурда аталган тилкеде жолду сел сууларынан коргоо максатында реконструкциялоо иштери жүрүүдө. Анын алкагында жол төшөмү 1,5 метрге чейин көтөрүлүп, бекемдөө иштери аткарылууда.
Белгилей кетсек, бул аймак сел жүрүү кооптуулугу жогору тилкелердин бири болуп саналат. Буга чейин да жаан-чачын көп болгон учурда жолду сел каптап, каттамга тоскоолдуктарды жараткан.


