Айдоочулардын жетишсиздигине жана автобустардын кечигүүлөрүнө эмне себеп?
"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын экинчи автопаркынын башкы инженери Артур Омурзаков жүргүнчүлөрдүн автобусту узак күтүп калышынын себебин так айтып берди. Анын айтымында, автобустар жеңил унаалар менен бирдей тыгындарда туруп калууга мажбур болгондуктан алардын графикги сакталбай жатат.
Кыязы, автобустар жолдордо унаалар аз болгон учурда бекитилген эски график боюнча эле каттап жатышат. Ошондуктан, тыгындар графикте эске алынбайт жана алар айдоочулар менен жүргүнчүлөр үчүн ар дайым күтүүсүз болуп калууда.
Муниципалдык ишкана ондогон инженерлердин ордуна бир эле мыкты IT-адисти алып, ал жасалма интеллект жана чоң маалыматтарды талдоо аркылуу жаңы график түзүп берсе туура болмок. Бул иш бир күндөн ашык убакытты талап кылбайт.
Автобустар үчүн өзүнчө тилке киргизүү аракеттери азырынча ийгиликке жеткен жок. Бир нече жыл мурда Токомбаев көчөсү жана Байтик Баатыр көчөлөрүндө жүргүзүлгөн биринчи эксперимент ийгиликсиз аяктаган — башка тилкелерде кыймыл өтө жай болгондо айдоочулар бош тилкеге чыгып кетүүгө азгырылышат. Натыйжада, өзүнчө тилкенин пайдасы минималдуу болуп калган.
Автобус айдоочуларынын жетишсиздиги дагы эле курч бойдон калууда — 600 айдоочу жетишпейт, бул дээрлик ар бир бешинчи айдоочунун жоктугу дегенди билдирет. Негизги себеп — айлык акынын төмөндүгү: тарифтик ставка саатына 102 сом. Мындай шартта, 20% накталай төлөм кошулса да, бул жумуш жетиштүү деңгээлде жагымдуу болбой жатат.