Бишкектеги Түндүк айланма жолунда чаңды азайтуу иштери күчөтүлдү
Бишкек шаарынын четиндеги Түндүк айланма унаа жолунда чаңдан арылтуу максатында подрядчы компания тарабынан суу себүү иштери туруктуу жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Бирок абанын температурасы жогорулап, унаалардын агымы көбөйгөнүнө байланыштуу чаңдын көлөмү да өсүүдө. Учурда суу ташуучу техникалардын саны чаңды толук жана ыкчам басаңдатууга жетишсиз болууда.
Ушуга байланыштуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги абал турукташканга чейин айдоочулардан түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт. Министрлик тарабынан техниканын санын көбөйтүү жана жолдогу чаңды азайтуу боюнча чаралар күчөтүлүп, абал өзгөчө көзөмөлгө алынган.
Белгилей кетсек, учурда аталган тилкеде жолдун негизин даярдоо иштери жүрүп жатат. Жакынкы арада асфальт-бетон төшөө иштери башталат. Жол толук асфальтталгандан кийин чаң көйгөйү чечилет.