Россияга баруучу кыргызстандыктар мобилдик тиркеме аркылуу терс ПЦР-тестин көрсөтүш керек

Россияга баруучу кыргызстандыктар мобилдик тиркеме аркылуу терс ПЦР-тестин көрсөтүш керек

ЕАЭСна кирген өлкөлөрдүн жарандары, алардын катарында кыргызстандыктар да Россияга кирип жатып, «Путешествую без COVID-19» тиркемеси аркылуу терс ПЦР-тестин көрсөтүш керек. Мындай талапты Роспотребнадзор койду.

«Мындай эреже бардык жүргүнчүлөргө тиешелүү», – дейт транспорт министрлигинин маалымат кызматы.

Бул үчүн эмне кылыш керек?
  1. «Путешествую без COVID-19» деген мобилдик тиркемени AppStore же Google Play аркылуу телефонуңузга жүктөп алыңыз.
  2. Сунушталган тизмеден сизге жакын лабороторияны табыңыз. Ал жерден жазылып, уча турган паспорт менен лабороторияга келиңиз.
  3. Лабороторияда берилген анкетаны толтурасыз. Мобилдик тиркеме турган телефон номериңизди жазып, тестти тапшырасыз.
  4. Мобилдик тиркеменин жардамы менен билдирүүдө көрсөтүлгөн QR-кодду жазасыз.
  5. Учаар алдында мобилдик тиркемедеги тесттин жыйынтыгы тууралуу маалыматтын жетиштүү жана мөөнөтү да туура экендигин текшересиз. (ПЦР-тест учаар алдында 72 сааттан аз эмес убакытта тапшырылган болуш керек)
  6. Учак конгондон кийин мобилдик телефондогу тиркемеден QR-кодду көрсөтүш керек.   

Мындан тышкары окуңуз

Сузакта цитрус бактарын өстүргөн дыйкан быйыл лимондон 800 кг түшүм алды

Сузакта цитрус бактарын өстүргөн дыйкан быйыл лимондон 800 кг түшүм алды

Сузак районунун Барпы айыл аймагында дыйкан акыркы 2 жылдан бери климатка анча ылайык келбеген цитрус өсүмдүктөрүн өстүрүп келет. Мандаринди сыноо үчүн отургузган дыйкан учурда жакшы түшүм алып, лимон жана башка тропикалык өсүмдүктөрдү да өстүрүүгө жетишти. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады. Заманбап агротехникалык

Жалал-Абадда ишкерлердин укуктары жана инвестиция маселелери талкууланды

Жалал-Абадда ишкерлердин укуктары жана инвестиция маселелери талкууланды

Жалал-Абад облусунун прокуратурасынын алдындагы Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча Консультативдик кеңеш жыйыны болду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдирди. Жыйынга аймактагы мамлекеттик органдардын жетекчилери, ишкерлер жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү катышты. Жыйындын жүрүшүндө ишкерлерге негизсиз текшерүүлөр болбошу, укуктарын коргоо жана инвестициялык климатты жакшыртуу маселелери талкууланды. Ошондой эле салык салуу чөйрөсүндөгү

“Кыргызфармациянын” ишин текшерүүгө атайын комиссия түзүлөт

“Кыргызфармациянын” ишин текшерүүгө атайын комиссия түзүлөт

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын ишин текшерүү үчүн комиссия түзүү чечимин жарыялады. Бул тууралуу ал Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун балдар онкология бөлүмүнө барганда билдирди. Министрлик маалыматына ылайык, Досмамбетов балдар үчүн өмүргө зарыл дары-дармектерди сатып алуудагы ачык эмес жана натыйжасыз механизмдерге жол берилбеши керектигин

Ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүк: Кабулда Кыргызстандын Соода үйү ачылды

Ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүк: Кабулда Кыргызстандын Соода үйү ачылды

Күн мурун, 16-декабрда Ооганстандын борбору Кабул шаарында Кыргыз Республикасынын Соода үйүнүн салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Иш-чарага КРнын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков жана Ооганстандын өнөр жай жана соода министри Нуруддин Азизи катышты. Соода үйүнүн ачылышы ата мекендик продукцияны эл аралык