Жеке ишкерлерге биринчи жылы жөнөкөйлөтүлгөн 0%дык салык режими каралат

Жеке ишкерлерге биринчи жылы жөнөкөйлөтүлгөн 0%дык салык режими каралат

Жеке ишмерлерге биринчи жылы бул системанын алкагында жөнөкөйлөтүлгөн 0%дык салык режими каралат. Бул тууралуу салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.  

Бул салык салуу системасы чекене сатуудагы салыктын негизинде иштейт. Ал үчүн ишмерлер:

  1. 2020-жылы 24-июнда бекитилген техникалык талаптарга ылайык ККМ-онлайнды пайдаланыш керек
  2. Ишмер НДС төлөөчүсү болбош керек же анын кирешесинин көлөмү акыркы 12 айда НДСке катталган чектен ашпаш керек (8млн)

Биринчи жылы жаңы салык режими 0% дык чен менен коюлат, экинчи жылы – 1%, үчүнчү жылы – 2%, төртүнчү жылы болсо – накта төлөсө 3% ды түзөт. Накталай эмес формада төлөсө, салыктын ченеми 50% га чейин азаят деп айтылат билдирүүдө.    

Бир айлык салык милдеттери, Салык кызматынын салык төлөөчүлөрдүн ККМ-онлайндан алган маалыматтарынын негизинде жүргүзүлөт.  

Аталган системанын артыкчылыктары:

  • Иш-чаранын бардык учурунда ыктыярдуу өтүп кетүү тартиби
  • Салык отчетун көрсөтүүнүн зарылчылыгы жоктугу (салык декларациясын эске албаганда)
  • Бухгалтердик учетту алпаруунун зарылчылыгы жоктугу
  • Салык төлөө мүмкүнчүлүгү мобилдик тиркеме аркылуу бир басым менен төлөнүүсү

Чекене саттуу салыгынын негизинде иштөөгө ниеттенген салык төлөөчү, салык органына катталган жери боюнча билдирүү жасашы керек.

Бул жөнөкөйлөтүлгөн салык салуу системасындагы чекене сатуудагы салык – финансы жана камсыздандыруу кызматын көрсөткөн субъекттерге, баалуу кагаздар базарынын катышуучуларына, акциз салыгын төлөгөндөргө, коомдук тамактануу жайларына, ден соолукту жакшыртуучу курорттук тармактарга жана турак-жай куруучуларга тиешеси жок.

Кененирээк маалыматты 116 номериндеги жергиликтүү салык органдарынан же www.sti.gov.kg сайтынан алсаңыз болот.

Мындан тышкары окуңуз

Абройлуу эл аралык аянтчада Кыргызстандын улуттук стенди  ачылды

Абройлуу эл аралык аянтчада Кыргызстандын улуттук стенди ачылды

3-4-мартта Берлин шаарында өтүп жаткан ITB Berlin-2026 эл аралык туристтик көргөзмөсүндө Кыргызстандын улуттук стенди ачылганын Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. ITB Berlin-2026 туризм тармагындагы эң ири жана абройлуу эл аралык аянтчалардын бири. Улуттук стенд Туризм департаменти тарабынан "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ААК менен биргеликте Кыргызстандын Германиядагы

Кыргызстанда 2026-жылы 75 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачылат

Кыргызстанда 2026-жылы 75 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачылат

Кыргызстанда 2026-жылы 75 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ишке кирерин Айыл чарба министрлиги маалымдап, долбоорлор өлкөнүн бардык аймактарын камтып, ички өндүрүштү көбөйтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экспортту арттырууга багытталганын белгиледи. Долбоор мамлекеттик программа алкагында ишке ашырылып, ата мекендик продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталат. Негизги басым сүт, эт, жашылча-жемиш

Курулуш реестринде катталбаган объекттер аныкталды

Курулуш реестринде катталбаган объекттер аныкталды

Бишкекте курулуш реестрине катталбаган бир катар объекттер аныкталганын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдирди. Алар төмөнкү даректердеги курулуш объектилер: * Жукеев-Пудовкин көчөсү 4;  * Гвардейский көчөсү 13, 13а, 15; * Горький көчөсү 72, 72а, 42; * Б. Юнусалиев көчөсү 10. Аталган объектилер боюнча куруучуларга жазуу түрүндө эскертүү, шаар куруу документтерин даярдоо жана

Эки жарандан 46 млн сом алдап кеткен жаран Азербайжанда кармалды

Эки жарандан 46 млн сом алдап кеткен жаран Азербайжанда кармалды

Азербайджандан Кыргызсстанга 46 млн сомдон ашык каражатты алдап алган деп айыпталган жаран экстрадицияланганын Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка ылайык, издөөгө алынган Т.Д. Баку шаарында кармалган. Зарыл болгон бардык процедуралар аяктагандан кийин ал ИИМ кызматкерлеринин коштоосунда Кыргызстанга жеткирилген. Учурда ал кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн тергөө абагына камалды. Тергөө маалыматы боюнча, шектүү