Өкмөт Баткендеги жабыркаган айылдарга 700 млн сом бөлөт
Өкмөт Баткендеги жабыркаган айылдарды калыбына келтирүүгө 700 млн сом бөлөт. 500 млн сом социалдык объекттердин курулушуна жана ремонтуна (мектеп, бала бакча, жол), калган 200 млн сом – бузулган жана өрттөлгөн үйлөрдү салууга кетмекчи. Бул тууралуу Лейлек районунун Сада айылынын тургундары менен жолугушууда премьер-министр Улукбек Марипов айтты.
Анын айтканына ылайык, канча үйлөр өттөнгөнү жана инфракструктуралык, социалдык объекттердин канчасы күйгөнү, бузулганы эсептелип чыккан.
«Баткен областында алдын ала канча социалдык объекттер курулаары пландалууда. Кызыл-Бел, Ак-Сай, Моргун жана Борбордук айылдарында жалпы билим берүү мекемелери түшөт, Максат айылында болсо күйүп кеткен мектеп калыбына келитирилет жана бала бакча курулат, ошондой эле мектепке чейинки тарбиялоо мекемелери да Кулундуда салынмакчы», – деди Марипов.
Андан сырткары, бөлүнгөн каражаттар жаңы Мин-Булак – Чорго – Ак-Сай, Кок-Таш — Ак-Сай –Тамдык жолдорун курууга жана Ак-Сай — Рават, Кулунду – Максат — Арка, Чайхана – Ак-Сай, Кызыл-Бел — Достук автожолдорунун ремонтуна кетет.



