Салык чогултуу планы январь-апрель айларында 7% га көп аткарылды
Салык кызматы 2021-жылдын январь-апрель айларында 29 млрд 782 млн сом салык чогултту. Коюлган план 107 % га аткарылды, тагыраак айтканда, 1 млрд 924 млн сомго көп жыйналды.
Салык кызматынын көрсөткүчтөрүнө ылайык, 2020-жылдын ошол мезгилине салыштырмалуу салык 7 млрд 865 млн сомго көп чогултулган же 136 % га өскөн.
Республикалык бюджетке 23 млрд 641 млн сом чогулуп, план 106%га аткарылган же 1 млрд 261 млн сомго көп чогулган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6 млрд 421 млн сомго көп чогултулган же 137 % га өскөн.
Жергиликтүү бюджетке түшкөн салык 6 млрд 140 млн сом болуп, план 112 % га аткарылган же 663 млн сомго көп чогулган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд 444 млн сомду түзгөн же 131 % га өскөн.