Баткенде каза болгондордун үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон компенсация төлөнөт
«Баткенде каза болгондордун үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон компенсация төлөнөт, ал эми ишканалары бузулуп, жумуштары үзгүлтүккө учураган ишкерлер жардам алышат. Бул тууралуу 6-майда Лейлек районунун Максат айылынын жашоочулары менен жолугушууда президент Садыр Жапаров айтты», – деп билдирет президенттин маалымат кызматы.
Президент белгилегендей, бүгүнтөн тартып Максат жана башка жабыркаган айылдарда курулуш-калыптандыруу иштери башталат, күйгөн үйлөрдүн ордуна жаңы заманбап үйлөр курулмакчы. Курулуш иштери эки айдын ичинде бүтөөрү болжолдонууда.
Ошондой эле бузулган социалдык жана соода объектилерин калыптандыруу иштери да башталат.