Кытай кийинкиге калтырылган төлөмдөр үчүн Кыргыз Республикасынан кошумча төлөм талап кылбайт

Кытай кийинкиге калтырылган төлөмдөр үчүн Кыргыз Республикасынан кошумча төлөм талап кылбайт

Кытай кийинкиге калтырылган карыз төлөмдөрү үчүн КРнан кошумча төлөм талап кылбайт. Бул Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Кытай министри Ван Инин сүйлөшүүлөрүнөн кийин белгилүү болду. ТИМнин билдирүүсүнө ылайык, жолугушуу Сиянь шаарында Казакбаевдин Кытайга болгон атайын иш сапарынын алкагында уюштурулган.

Кытай тарап андан сырткары төмөндөгүдөй чечимдерге келген:

  • КРна акысыз 150 миң доза вакцинанын экинчи партиясын жөнөтүү
  • КРнын экономикасын колдоого 350 млн юань ($54 млн) өлчөмүндө грант берүү
  • COVID-19 пандемиясы учурунда токтоп калган КРдагы гранттык долбоорлорду ишке ашырууга кытайлык адистерди жөнөтүү
  • КРна азык-түлүк менен жардам берүү маселесин карап чыгуу

Андан сырткары, Кытайдын тышкы иштер министри Кыргызстандан картөшкө, жүзүм, фасоль сыяктуу экологиялык таза айыл-чарба азыктарынын Кытайга экспорттолуусуна кызыкдар экенин билдирди.

Ошондой эле эки тарап «Торугарт» жана «Иркештам» текшерүү пункттарынын иштерин оптимизациялоого күч жумшоо туралуу макулдашышты.  

Мындан тышкары окуңуз

Абройлуу эл аралык аянтчада Кыргызстандын улуттук стенди  ачылды

Абройлуу эл аралык аянтчада Кыргызстандын улуттук стенди ачылды

3-4-мартта Берлин шаарында өтүп жаткан ITB Berlin-2026 эл аралык туристтик көргөзмөсүндө Кыргызстандын улуттук стенди ачылганын Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. ITB Berlin-2026 туризм тармагындагы эң ири жана абройлуу эл аралык аянтчалардын бири. Улуттук стенд Туризм департаменти тарабынан "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ААК менен биргеликте Кыргызстандын Германиядагы

Кыргызстанда 2026-жылы 75 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачылат

Кыргызстанда 2026-жылы 75 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачылат

Кыргызстанда 2026-жылы 75 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ишке кирерин Айыл чарба министрлиги маалымдап, долбоорлор өлкөнүн бардык аймактарын камтып, ички өндүрүштү көбөйтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экспортту арттырууга багытталганын белгиледи. Долбоор мамлекеттик программа алкагында ишке ашырылып, ата мекендик продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталат. Негизги басым сүт, эт, жашылча-жемиш

Курулуш реестринде катталбаган объекттер аныкталды

Курулуш реестринде катталбаган объекттер аныкталды

Бишкекте курулуш реестрине катталбаган бир катар объекттер аныкталганын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдирди. Алар төмөнкү даректердеги курулуш объектилер: * Жукеев-Пудовкин көчөсү 4;  * Гвардейский көчөсү 13, 13а, 15; * Горький көчөсү 72, 72а, 42; * Б. Юнусалиев көчөсү 10. Аталган объектилер боюнча куруучуларга жазуу түрүндө эскертүү, шаар куруу документтерин даярдоо жана

Эки жарандан 46 млн сом алдап кеткен жаран Азербайжанда кармалды

Эки жарандан 46 млн сом алдап кеткен жаран Азербайжанда кармалды

Азербайджандан Кыргызсстанга 46 млн сомдон ашык каражатты алдап алган деп айыпталган жаран экстрадицияланганын Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка ылайык, издөөгө алынган Т.Д. Баку шаарында кармалган. Зарыл болгон бардык процедуралар аяктагандан кийин ал ИИМ кызматкерлеринин коштоосунда Кыргызстанга жеткирилген. Учурда ал кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн тергөө абагына камалды. Тергөө маалыматы боюнча, шектүү