Бул жылдагы жазгы талаа жумуштарынын темпи өткөн жылга салыштырмалуу кечиккен

Бул жылдагы жазгы талаа жумуштарынын темпи өткөн жылга салыштырмалуу кечиккен

Апрель айындагы туруксуз аба ырайынын айынан (температуранын төмөндөшү менен тез-тез жааган жамгыр) жазгы талаа жумуштарынын темпи өткөн жылга салыштырмалуу артта калган. Мындай маалыматтар КРнын Улуттук статистика комитетинин сайтында айтылат.

Устүбүздөгү жылдын апрель айына карата республика боюнча жалпысынан 375,0 миң гектарга жаздык өсүмдүктөр себилген, бул 43.4 миң га же былтыркы жылдын тийиштүү күнүнө салыштырмалуу 10.4 пайызга аз.

Чүй облусунун чарбаларында жаздык өсүмдүктөрдү себүүнүн жалпы аянты – 42.3%ды, Ош облусунда – 20.3%ды, Ысык-Көлдө – 14.2% жана Жалал-Абад облусунда – 13.8%ды түзгөн.

Жаздык арпанын айдоо аянты үстүбүздөгү жылдын 23-апрелинде 2020-жылдын жаздык өсүмдүктөр себилген аянтына карата 76.5%ды, жаздык буудай – 76.2%ды, кант кызылчасы – 93.7%ды, пахта – 64.9%ды түзгөн.

Мындан тышкары, апрель айында 70.5 миң гектар аянттагы күздүк эгиндери азыктандырылган жана 356.1 миң гектар жазгы айдоо аянты айдалгандыгы тууралуу маалыматты УСКнин Айыл чарба статистикасы бөлүмү билдирет.

Мындан тышкары окуңуз

Абройлуу эл аралык аянтчада Кыргызстандын улуттук стенди  ачылды

Абройлуу эл аралык аянтчада Кыргызстандын улуттук стенди ачылды

3-4-мартта Берлин шаарында өтүп жаткан ITB Berlin-2026 эл аралык туристтик көргөзмөсүндө Кыргызстандын улуттук стенди ачылганын Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. ITB Berlin-2026 туризм тармагындагы эң ири жана абройлуу эл аралык аянтчалардын бири. Улуттук стенд Туризм департаменти тарабынан "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ААК менен биргеликте Кыргызстандын Германиядагы

Кыргызстанда 2026-жылы 75 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачылат

Кыргызстанда 2026-жылы 75 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачылат

Кыргызстанда 2026-жылы 75 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ишке кирерин Айыл чарба министрлиги маалымдап, долбоорлор өлкөнүн бардык аймактарын камтып, ички өндүрүштү көбөйтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экспортту арттырууга багытталганын белгиледи. Долбоор мамлекеттик программа алкагында ишке ашырылып, ата мекендик продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталат. Негизги басым сүт, эт, жашылча-жемиш

Курулуш реестринде катталбаган объекттер аныкталды

Курулуш реестринде катталбаган объекттер аныкталды

Бишкекте курулуш реестрине катталбаган бир катар объекттер аныкталганын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдирди. Алар төмөнкү даректердеги курулуш объектилер: * Жукеев-Пудовкин көчөсү 4;  * Гвардейский көчөсү 13, 13а, 15; * Горький көчөсү 72, 72а, 42; * Б. Юнусалиев көчөсү 10. Аталган объектилер боюнча куруучуларга жазуу түрүндө эскертүү, шаар куруу документтерин даярдоо жана

Эки жарандан 46 млн сом алдап кеткен жаран Азербайжанда кармалды

Эки жарандан 46 млн сом алдап кеткен жаран Азербайжанда кармалды

Азербайджандан Кыргызсстанга 46 млн сомдон ашык каражатты алдап алган деп айыпталган жаран экстрадицияланганын Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка ылайык, издөөгө алынган Т.Д. Баку шаарында кармалган. Зарыл болгон бардык процедуралар аяктагандан кийин ал ИИМ кызматкерлеринин коштоосунда Кыргызстанга жеткирилген. Учурда ал кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн тергөө абагына камалды. Тергөө маалыматы боюнча, шектүү