Президент Садыр Жапаров АКШ элчиси Дональд Луну кабыл алды

Президент Садыр Жапаров АКШ элчиси Дональд Луну кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-майда, АКШнын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Луну дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары жана келечеги тууралуу пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы коронавирус пандемиясына каршы күрөштө берген жардамы үчүн америкалык тарапка ыраазычылыгын билдирди.

Президент Садыр Жапаров Дональд Луну АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, ал жаңы иши менен эки тараптуу кызматташууну чыңдоо үчүн билими жана тажрыйбасын жумшаарына ишенерин айтты.

АКШ элчиси Дональд Лу азыркы оор мезгилде америкалык тарап төмөнкү үч багытта кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин белгиледи: гуманитардык жардам көрсөтүү, пандемиянын андан ары жайылышына каршы күрөшүү жана демократиялык кайра түзүмдөр.

Ошону менен катар калкты коронавирус инфекциясына каршы эмдөө жана пандемиянын кесепеттери менен күрөшүү маселелеринде өз ара кызматташууну арттырууга даяр экендигин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Абройлуу эл аралык аянтчада Кыргызстандын улуттук стенди  ачылды

Абройлуу эл аралык аянтчада Кыргызстандын улуттук стенди ачылды

3-4-мартта Берлин шаарында өтүп жаткан ITB Berlin-2026 эл аралык туристтик көргөзмөсүндө Кыргызстандын улуттук стенди ачылганын Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. ITB Berlin-2026 туризм тармагындагы эң ири жана абройлуу эл аралык аянтчалардын бири. Улуттук стенд Туризм департаменти тарабынан "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ААК менен биргеликте Кыргызстандын Германиядагы

Кыргызстанда 2026-жылы 75 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачылат

Кыргызстанда 2026-жылы 75 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачылат

Кыргызстанда 2026-жылы 75 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ишке кирерин Айыл чарба министрлиги маалымдап, долбоорлор өлкөнүн бардык аймактарын камтып, ички өндүрүштү көбөйтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экспортту арттырууга багытталганын белгиледи. Долбоор мамлекеттик программа алкагында ишке ашырылып, ата мекендик продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталат. Негизги басым сүт, эт, жашылча-жемиш

Курулуш реестринде катталбаган объекттер аныкталды

Курулуш реестринде катталбаган объекттер аныкталды

Бишкекте курулуш реестрине катталбаган бир катар объекттер аныкталганын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдирди. Алар төмөнкү даректердеги курулуш объектилер: * Жукеев-Пудовкин көчөсү 4;  * Гвардейский көчөсү 13, 13а, 15; * Горький көчөсү 72, 72а, 42; * Б. Юнусалиев көчөсү 10. Аталган объектилер боюнча куруучуларга жазуу түрүндө эскертүү, шаар куруу документтерин даярдоо жана

Эки жарандан 46 млн сом алдап кеткен жаран Азербайжанда кармалды

Эки жарандан 46 млн сом алдап кеткен жаран Азербайжанда кармалды

Азербайджандан Кыргызсстанга 46 млн сомдон ашык каражатты алдап алган деп айыпталган жаран экстрадицияланганын Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка ылайык, издөөгө алынган Т.Д. Баку шаарында кармалган. Зарыл болгон бардык процедуралар аяктагандан кийин ал ИИМ кызматкерлеринин коштоосунда Кыргызстанга жеткирилген. Учурда ал кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн тергөө абагына камалды. Тергөө маалыматы боюнча, шектүү